Намыска жарады! Дастан Шаршеевдин атаандашын утуп дүйнө чемпиону болгон видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев 2017-жылы Казань шаарындагы TNA турниринде калыстын "утулдуң" деген чечимине макул болбой, рингден түшпөй көгөрүп туруп алганы менен көпчүлүккө таанылган. Кийинчерээк реванш-беттеште каршылашын жеңип алган.

Кечээ Бишкек шаарында өткөн Max Pro K1 (кикбокс) деп аталган эл аралык мелдеш өттү. Анда кыргыз спортчулары Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген спортчулар менен күч сынашты. Жалпысынан спорт күйөрмандары 10 беттешке күбө болду. Кечени белгилүү ринг-анонсер Александр Загорский алып барды.

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
Турнирдин алкагында Дастан Шаршеев россиялык мушкер Алексей Додонов менен кикбокстун WBKF версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн беттешти. Натыйжада Шаршеев экинчи раундда каршылашынын башына колу менен астыдан сокку (априкот — ред.) узатып, жеңүүчү деп табылды.

Спортто "Али" каймана атын алган Дастан Шаршеев бирма боксу боюнча Азия жана Евразия чемпиону, кикбокстун WBKF версиясы боюнча Азия чемпиону, ошондой эле бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 29 жашта.

Шаршеев 2017-жылы Казань шаарында өткөн TNA турниринде россиялык мушкер Антон Калининге жеңилип калган. Бирок ал калыстар тобунун мындай чечимине макул болбой, рингден түшпөй койгон.

Кийинчерээк спортчу Калининди реванш-беттешүүгө чакырып утуп алган.

Ал эми атаандашы Алексей Додонов TNA уюмунун версиясы боюнча кикбокстан Европанын жана дүйнөнүн чемпиону болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0