Рингдин ханышасындай... Кыргыз мушкери Шахризанын каршылашын уткан видеосу

Жазылуу
Шахриза Халилова Кыргызстандын таанымал спортчусу болуп эсептелинет. Карьерасында тайбокс (WMF) боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, кикбокс боюнча Азия чемпиону жана Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болууга жетишкен.

Кечээ, 25-февралда, борбордогу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Max Pro K1 (кикбокс) деп аталган эл аралык мелдеш өттү.

Намыска жарады! Дастан Шаршеевдин атаандашын утуп дүйнө чемпиону болгон видеосу - Sputnik Кыргызстан
Намыска жарады! Дастан Шаршеевдин атаандашын утуп дүйнө чемпиону болгон видеосу
Анда кыз-келиндер арасындагы жалгыз кармашты кыргызстандык спортчу Шахриза Халилова менен өзбекстандык Мухае Эркинова тартуулап, кыздар 57 килограммда үч раунд кармашты. Жыйынтыгында Халилова калыстардын чечими менен жеңишке ээ болду. Ал беттештин жүрүшүндө тажрыйбалуу экендигин тастыктай алды.

26 жаштагы Шахриза Халилова тайбокс (WMF) боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, кикбокс боюнча Азия чемпиону жана Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, ошондой эле бокс боюнча КРдин чемпиону.

Ал эми 19 жаштагы атаандашы Мухае Эркинова кикбокс жана пенчак силат боюнча Өзбекстандын чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0