Жан керек да! Кар көчкүдөн лыжа менен "качкандардын" видеосу тарады

Жазылуу
Жаратылыш кырсыгынын 34 жаштагы француз каза тапкан.

Социалдык тармакта Швейцария тоолорундагы кар көчкүдөн аман-эсен качып кутулган лыжачынын жүрөк үшүн алган видеосу тарады.

Кран-Монтана курортундагы тасманы Алексис Раму жүктөгөн. Видео GoPro камерасынын жардамы менен тартылган.

Кадрларда көрүнүп тургандай, эркек киши беймарал ылдыйды көздөй түшүп баратып, кокус артын карай калганда кар каптап келе жатканын көргөн. Ал лыжасынын ылдамдыгын көбөйтүп отуруп аман калган, ал эми жанындагыларды көчкү басып калган.

​Кийинчерээк жергиликтүү ЖМКлардын маалымдашынча, 19-февралда болгон табигый кырсыктан 34 жаштагы француз каза тапкан. Эс алгандардын төртөө аман, бирок үчөө ар кандай жаракат менен ооруканага жаткырылган.

Издөө иштерине сегиз тик учак менен эки жүздөн ашык куткаруучу тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0