Бишкектеги коомдук тамактануучу жайдын кассасын карактаган киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, окуя 20-февраль күнү болжол менен саат 22.50дө болгон. Кара беткап кийген киши кафеге кирип барып, кассада отурган адамга тапанча кезеп, 63 миң сом алып кеткен.Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, шаардын Биринчи Май райондук милициясы "Каракчылык" беренесинин негизинде сотко чейинки тергөө иштерин баштаган.
Беш күндөн кийин аталган кылмышка шектелип 36 жаштагы адам кармалган. Анын буга чейин да киши өлтүрүп соттолуп чыкканы белгилүү болду.
Иликтөө учурунда шектүүнүн туугандарынын үйүнөн травматикалык тапанча табылган. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын башка кылмыштарга тиешесинин бар-жогу такталып жатат.
Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 186 мелдешинин кызыктуу учурлары UFC Russia YouTube каналына жүктөлдү.
Турнирдин дагы бир маанилүү кармашында россиялык Магомед Анкалаев украиналык Никита Крыловду калыстардын бирдей чечими менен жеңген.
ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.
Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.
"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.
Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.