Топоз менен улак тартабыз дейт... Жаныбарларды Сауд Аравияга жөнөтүү учуру видеодо

Жазылуу
Бүгүн, 28-февралдын таңында, Camel Fest фестивалына катыша турган жаныбарлар "Манас" аба майданынан Сауд Аравияга жөнөтүлдү.

Атап айтканда, 14 топоз, 15 тайган, 15 бүркүт, 5 ителги жана 4 кушту атайын ящиктерге салып алып кетишти. Бул үчүн атайын учак жиберилген.

Жандыктардын ар бири ветеринардык кароодон өткөрүлүп, эмделип, чип коюлуп эл аралык паспорт берилген.

Бүгүн Аравияга жөнөтүлгөн топоздорду Нурмухаммед Эшматов Нарында багып, атайын даярдаганын айтты.

"Бул топоздорду үйрөтүү үчүн атайын Чоң-Алайдан саяпкерлерди чакырганбыз. Алар 1,5 айда оюнга чыгууга даярдап беришти. 14 топозду 14 спортчу минип кыргыздын көк бөрү, эр эңиш жана топоз жарыш оюндарын көрсөтөт. Мындан сырткары, фестивалдын ачылуу, жабылуу аземинде парадга чыгабыз. Ал үчүн жигиттер улуттук колориттеги кийимдер менен камсыздалды", — деди Эшматов.

Бараткандар куштардын эң мыктыларын тандап алышканын айтышты. Мисалы, Аман Исмаиловдун Оймок аттуу бүркүтү Көчмөндөрдүн үчүнчү дүйнөлүк оюндарында баш байгени жеңген. 2018-жылдын декабрында Казакстанда өткөн Азия оюндарында биринчини алган.

Көчмөндөр ааламы долбоорунун жетекчиси Айбек Бабакулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бабакулов: Сауд Аравияга барган жаныбарлардын баары кайтып келет
Ал эми Алмаз Үметеевдин Акбар жана Таганак деген эки тайганы фестивалга катышат. Буга чейин анын тайгандары көркөмдүгү жагынан алдына ат салдырбай келген.

Жандыктардын баарын Кыргызстандын Салбуурун федерациясынын баш катчысы жана Этнофестивалдын куратору Елена Соклакова менен бир ветеринар гана коштоп кетти. Ээлери 2-марттан тарта сапарга чыгышат, жаныбарларды ага чейин барган кыргызстандыктар карап турушат.

Эскерте кетсек, Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилген. Ал жактан "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүшөт. Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер берилип, учурда ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулат. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0