Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео

Жазылуу
Аңчы карышкырды айыл ичинде эки саат бою кууп, аягында акыры жок кылды.

Нарын облусунун Баетов айылында аңчы карышкырды кууп жүрүп, бир үйдүн короосунан атып өлтүрдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү тургун билдирип, окуянын видеосун WhatsApp каналы аркылуу жиберди.

Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: карышкырларды тик учак менен аталы, алар бизге тууган беле
Анын айтымында, 1-март күнү эртең менен айыл тургундары кыштакка түшүп келип малга кол салган 5 карышкырды көргөн. Алгач жырткычтарды бир нече киши өздөрү кууп, андан соң аңчыны чакырышкан.

Ал карышкырлардын бирин кууп жүрүп, акыры бир үйдүн короосуна киргенде аткан. Окуя видеого түшүп калган.

Маалыматка караганда, карышкыр ок тиерден мурда аңчынын атына асылганга үлгүргөн. Бирок жылкы жеңил жаракат менен кутулуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0