Видео YouTube каналына жарыяланган.
Таймаштын экинчи убактысында чабуулчу Митч Марнер аттуу оюнчу каршылаш команданын коргоочусу Жонни Бойчактын тамагын конькиси менен шылып түшө жаздаган.Канадалык 35 жаштагы спортчу оюн талаасын таштап, шашылыш чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бул учур видеого түшүп калган. Бактыга жараша, дарыгерлердин кароосунан кийин ал музга кайтып келген. Акырында таймаш 6:1 эсебинде анын командасынын пайдасына аяктаган.
"Айлендерстин" башкы машыктыруучусу Барри Троцтун айтымына караганда, анын өмүрүн бир нече миллиметрлер эле сактап калды.
"Силердин шаңдуу колдооңорго рахмат. Башында чындыгында абдан коркуп кеттим, жаратканга шүгүр. Моюнуңа жакын келген конькинин жаркылдаган мизин көргөндө оюң дароо жаманга кетет экен. Бирок баары өтүп кетти, буюрса жакында көрүшөбүз", — деп жазган Бойчак Twitter баракчасына.
Бул чемпионатта спортчу 62 беттешке катышып, 16 (3+13) упай топтогон.
Аскерлердин жүрүшүн жана парадды кабыл алган Ким Чен Ындын видеосун RT жарыялады.
Анда Кореянынын борбордук телеграф агенттиги жазгандай, суу алдында жайгашкан баллистикалык ракеталар — "дүйнөдөгү эң кубаттуу курал" көрсөтүлдү. Андан сырткары, тактикалык ракеталар менен өзү кыймылга келе турган артиллериялык техникалар да өттү. Асмандан тартылган видеодо төрт чарчы болуп ашык-кеми жок басып бара жаткан аскерлер да чагылдырган.
Эмдөө пандемиянын экинчи, "татаалыраак боло турган" жылынан сактап кала алабы? "Спутник V" менен кайсы чет өлкөлөрдө эмдөө башталды? Якутиялык окумуштуулардын кайыңдын кабыгынан жасалган препаратына таянсак болобу?
Бул суроолорго жоопту биздин видеодон көрсөңүз болот.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.