Атаандашын 38 секундда уткан UFC мушкери сүйүнүп жатып акырегин чыгарып алды

Жазылуу
Бразилиялык спортчу бир минутага жетпеген убакытта жеңишке жетишкен.

Жекшемби күнү Лас-Вегаста өткөн UFC 235 турниринде бразилиялык белгилүү мушкер Жонни Уокердин окуясы көпчүлүктү таң калтырды. Видео UFC Europe уюмунун Twitter аккаунтуна жарыяланды.

Бодибилдер приземлился на голову и умер — кадры смертельного сальто - Sputnik Кыргызстан
Сальто жасайм деген бодибилдер желкеси менен түшүп көз жумду. Секириктин видеосу
Уокер канадалык Миша Циркунов менен беттешкен. Бразилиялык мушкер рингге чыгары менен 38 секунддун ичинде атаандашын тизе менен нокаутка кетирген.

Жеңиштен кийин Уокер сүйүнгөнүнө чыдабай тикесинен кулаган. RT басылмасынын жазганына караганда, спортчу жаракат алып, акырегин чыгарып алган.

Бразилиялык мушкер катары менен сегиз беттештен жеңүүчү болуп чыкканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0