Пил өзүн сабаган адамдын үстүнө отуруп, өлтүрүп салды. Окуянын видеосу

Жазылуу
Индияда пил баккан адам жаныбарды жуунтуп жатып бир чапканы үчүн өмүрү менен кош айтышты.

Индиянын Коттаям аймагында пил өзүн караган адамдын үстүнө отуруп калган учур видеого түштү. Окуя тууралуу РИА Новости жазды.

Топтолгон элге тиш салган кабыландын видеосу тарады - Sputnik Кыргызстан
Топтолгон элге тиш салган кабыландын видеосу тарады
YouTube тармагына жүктөлгөн кадрларга караганда, эркек киши жаныбарга суу чачып, жуунтуп жатып, бир нече ирет таяк менен урат. Бир маалда өзү кулап түшүп, эсин жоготуп коет. Жаныбар ошол учурда өч алууну көздөп, кишинин үстүнө отуруп алат.

Бир аздан соң жардамга чуркап келген башка кароолчу жаныбарды ордунан тургузат.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилгени менен өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0