Баладай кубанышты. Бишкекте белгилүү айымдар футбол ойногон видео

Жазылуу
Бишкекте Аялдардын эл аралык майрамы менен Аялдардын футбол күнүнө карата "Мени менен ойно. Футболдо баары бирдей" аттуу фестиваль өттү.

Иш-чара Кыргызстандын Футбол федерациясы менен БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан уюштурулду.

Бишкектин конуштарындагы өспүрүм кыздар менен өлкөнүн белгилүү айымдары топ тээп ойноду.

Кыргызстандык архитектор Рахатбек Байтелиев жаңы стадиондун долбоорун сунуштады - Sputnik Кыргызстан
30 млн. долларлык стадиондун эскизи. Шаар тургуну долбоорун сунуштады
Белгилүүлөрдүн арасында депутат Аида Исмаилова, борбор калаанын мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова, ишкер Айжан Чыныбаева, Мээрим Таабалдиева, ырчы Гүлнур Тойгонбаева, социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Футбол федерациясынын өкүлү Айгерим Сабралиева жана башкалар бар.

Долбоордун максаты — кыздарды колдоо үчүн бийлик менен эл аралык уюмдардын аракеттерин бириктирүү.

Футболдо башка оюндардан айырмаланып эсеп таблосу ачылган жок. Тагыраагы, достук жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0