ЖКККББ: жол эрежесин бузганы боюнча биринчи кат 1000дей айдоочуга жиберилет

363
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарга токтом токуу боюнча жаңы жабдык сатып алды.

ЖКККББнын мониторинг борборунун инспекторлору "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 955 айдоочуга эреже бузганы үчүн айып салды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эреже бузууларды каттаган камералардагы маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" ишканасынын маалыматтар борборуна келет. Ал жерден автоунаа, жарандын жеке жана жашаган жери боюнча маалыматтар менен салыштырылат.

Бардык маалыматтар алынгандан кийин түзүлгөн токтом Мониторинг борборуна келип, инспекторлор аларды иштеп чыгып, протоколго кол коёт.

6-мартта саат 18:00гө алынган маалымат боюнча 955 токтомго электрондук кол коюлган. Алар электрондук форматта индексация үчүн "Кыргызпочтасына" жиберилген. Андан кийин ЖКККББ каттарды басып чыгарып, конвертке салат. Ал "Кыргызпочтасына" келип, автоунаанын ээсинин дарегине жеткирилет.

ЖКККББ бир мүнөттө 52 бетти басып чыгара турган көп функциялуу аппарат алынганын билдирди. Мекеме акчаны үнөмдөп калуу үчүн буга чейин эреже бузуу боюнча түзүлгөн токтомдорду басып чыгарып конвертке сала турган аппаратты сатып алуу үчүн жарыяланган тендерди жокко чыгарган. Бул кызмат көрсөтүүнүн наркы 72,2 миллион сомго бааланган.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкектин көчөлөрүнө коюлган камералар 12-февралдан тарта ишке кирген.

ЖКККББдан буга чейин маалымдашкандай, 4-мартка чейинки эреже бузууларга айып салынбайт.

363
Белгилер:
айып пул, Коопсуз шаар, токтом, ЖКККББ, Кыргызстан
Тема боюнча
"Коопсуз шаар": жол эрежесин бузгандарга 4-мартка чейин айып салынбайт
Терезесин караңгылатып алган айдоочуларды кайра ЖКККББ тескемей болду

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Видео

54
(жаңыланган 14:35 20.10.2020)
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы, киришип Албек Ибраимовдун ордуна келген.

Бишкек мэри болуп эки жылдан бери иштеп келе жаткан Азиз Суракматовдун кызматтан кете турганы тууралуу маалымат бүгүн тарады. 

Мэрия шаар башчысы маалымат жыйын өткөрө турганын кабарлаган. 

Sputnik жыйынды түз алып берүүдө

54
Белгилер:
отставка, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды

Ала-Букадагы алтын кен ишканасында өрт чыкты. Видео

266
(жаңыланган 14:28 19.10.2020)
Жеринде куткаруучулардын эки тобу иштеп жатат. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы алтын кен ишканасынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуянын видеосун социалдык тармактын колдонуучулары жүктөп жатат.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 10:22де бир өрт куткаруу бөлүмү, 10:35те экинчиси тартылган.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясынын билдиришинче, саат 10:15тер чамасында Ала-Бука районунун Иштамберди аймагында иштеп жаткан Full Gold Mining (Фул Голд Майнинг) ишканасында өрт чыккандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Учурда 30дан ашуун кызматкер куткаруучулар менен биргеликте өрттү өчүрүү менен алек.

"Алдын ала маалымат боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан. Цианид же химиялык зат күйүп жатат деген божомол чындыкка дал келбейт. ӨКМдин өрт боюнча чыгарган жыйынтыгы менен гана калган жагдайлар белгилүү болот", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин чок ортосунда кийим саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео

ӨКМ алтын-кен ишканасына таандык имараттан чыккан өрт саат 12:30да чектөөгө алынганын билдирди. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары улантылууда.

266
Белгилер:
өрт, алтын кени, ӨКМ, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кармалды

Райым Матраимов кантип колго түшүрүлдү. Сүрөттөр

0
(жаңыланган 14:40 20.10.2020)
УКМК бүгүн түшкө чейин Райым Матраимовду кармаганын айтып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатканын кошумчалаган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кармап келе жаткан учурдагы сүрөттөрдү жарыялады.

  • Райымбек Матраимов задержан в Бишкеке сотрудниками ГКНБ КР. 20 октября 2020 года
    УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кармап келе жаткан учурдагы сүрөттөрдү жарыялады
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Райымбек Матраимов вместе с супругой Амандой Матраимовой задержан в Бишкеке сотрудниками ГКНБ КР. 20 октября 2020 года
    Кадрларда анын колуна кишен салып, андан соң бир нече адам коштоп басып келе жатканын көрүүгө болот
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Райымбек Матраимов задержан в Бишкеке сотрудниками ГКНБ КР. 20 октября 2020 года
    УКМК бүгүн түшкө чейин Райым Матраимовду кармаганын айтып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатканын кошумчалаган. Ал бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кармап келе жаткан учурдагы сүрөттөрдү жарыялады

Кадрларда анын колуна кишен салып, андан соң бир нече адам коштоп басып келе жатканын көрүүгө болот.

УКМК бүгүн түшкө чейин Райым Матраимовду кармаганын айтып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатканын кошумчалаган. Ал бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды.

0
Белгилер:
Сүрөт, УКМК, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Райым Матраимов кармалды