Резиденцияда улуган чөө. Сулайманов жырткычтардын маселесин көтөрдү. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов акыркы учурда чөөлөр көбөйгөнүн, керек болсо алардын үнү мамлекеттик резиденциянын ичинен угулуп жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

"Акыркы убакта Кыргызстанда чөөлөр малга кол салган учур көбөйүп кетти. Жада калса адамдарга кол салган учурлар да болгону тууралуу угуп жатабыз. 2018-жылы чөөлөр 25 пайызга көбөйүптүр. Бүгүн коркунучтуу абалда турат. Алар талаадагы кыргоол, чил, өрдөк, коён дегендин баарын кырып бүттү. Малга кол салуулар көбөйдү", — деди ал.

Жолдошбаев карышкыр менен туугандыктан кечкенде. Тик учактан атуу сунушу видеодо - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбаев карышкыр менен "туугандыктан кечкенде". Тик учактан атуу сунушу видеодо
Депутат, андан сырткары, чөө аткандарга мамлекеттен 2000 сом, карышкырга 6000 сом бөлүнөрүн айтып, бул туура эместигин белгиледи. Анткени чөө абдан куу келгендиктен аны атуу кыйын. Андыктан чөө аткандар менен карышкыр аткандарга берилчү каражатты 6000 сом кылып теңөө керектигин кошумчалады. Ошол эле учурда аңчылар жырткыч жаныбарды атканы үчүн мамлекеттен алчу каражатты бюрократиянын айынан ала албай кыйналарын айтып, мергенчилер жырткыч атууга кызыкпай калганына токтолду.

"Чөөлөр бүгүн резиденциянын аймагында улуп жатканын айтып жатышат. Өкмөт башчы угуп жатса керек ошону. Биз эки буттуу чөөлөр менен күрөшөбүз деп жүрүп, төрт аяктуу чөөлөрдү унутуп калдык окшойт. Бул аябай коркунучтуу болуп, элдин жүрөгү түшүп жатат, чөөлөр адам ыйлагансып түнү менен улуп чыгат", — деди Сулайманов.

Эл өкүлү, мындан тышкары, 2018-жылы жырткыч жаныбарлар жарандарды 50 миллион сомго чыгым кылса, мамлекет аларга каршы күрөшүү үчүн болгону 6 миллион сом караганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0