Бульдозердин айдоочусу аялды аз жерден көмүп кое жаздады. Видео

Бульдозердин айдоочусу кытайлык аялды кум менен кошо резервуарга салып жиберген. Бул учур видеокөзөмөлгө түшүп калган.

Кытайда курулуш иштери учурунда адаттан тыш окуя болгонун Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Анда бульдозердин айдоочусу алдында турган аялды байкабай сүзүп, кум менен кошо калагына сузуп алып резервуарга салып жиберген.

Кум алдында калган аял резервуардан чыкканга аракет кылып жатканын жумушчулар байкап калган.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдирүүсүнө ылайык, кытайлык келин эч кандай оор жаракат алган эмес.

Белгилер:
айдоочу, бульдозер, аялдар, Кытай
Тема боюнча
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган

UFC Шевченко менен Андраденин беттешине карата проморолик жарыялады

Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) Валентина Шевченко менен бразилиялык Жессика Андраденин беттешинин промо видеосун чыгарды.

Кыргызстандык чемпион кыздын беттешин утурлаган ролик UFC уюмунун расмий YouTube-каналына жарыяланды.

Видео UFC уюмунун комментаторлору бир учурда эки дивизиондун чемпиондугун ээлеген Аманда Нуньеске тең келе турган мушкер айым ким болорун талкуулап жаткан жерден башталат. Алардын пикиринде, Нуньеске Шевченко гана чакырык таштай ала турган жалгыз талапкер.

"Ким чакырык таштай алат деп ойлойсуң! Сен анын ким экенин билесиң! Валентина Шевченко", — деген алып баруучулардын бири.

Видеодо ошондой эле алдыдагы мелдештин башкы беттештерине чыгуучу мушкерлердин даярдыктары, алардын мурдагы таймаштарындагы мыкты нокауттары, жыга чапкан соккулары көрсөтүлөт.

"Жеңил салмактын ханышасы эң жеңил салмак категориясынын мурдагы чемпиону Жессика Андраде менен кез келет", — деп айтылат видеодо.

Роликте байкалгандай, Шевченконун машыгуусу Невада штатында Боулдер Сити шаарында өткөн. Бул болжол менен Лас-Вегастын түштүк-чыгыш тарабынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилле шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.

Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.

Мушкерлер кечесине COVID-19 пандемиясы башталгандан бери алгачкы ирет көрүүчүлөр киргизилет. Алардын саны чектелбейт. Март айынын соңунда UFC башчысы 15 миң көрүүчү катышчу спорттук иш-чаранын билеттери бир нече мүнөттөрдө эле сатылып кеткенин айткан.

Белгилер:
видео, Жессика Андраде, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

(жаңыланган 23:29 19.04.2021)
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония вручения именных часов президента Кыргызстана Садыра Жапарова 11 российским военнослужащим на авиабазе Кант
© Пресс-служба президента КР
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган. 

Белгилер:
сыйлык, Садыр Жапаров, президент, Аскер, саат, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу