Кит дайверди жутуп ала жаздады. Жүрөк түшүргөн видео

Жазылуу
Түштүк Африканын жээктеринде суу алдындагы дүйнө тууралуу даректүү тасма тартып жүргөн дайвер аз жерден киттин жеми болуп кала жаздады.

Окуянын видеосу YouTube сайтындагы Barcroft Animals каналына жарыяланды.

The Daily Mail басылмасынын жазышынча, 51 жаштагы Райнер Шимф өз командасы менен пингвиндер, тюлендер, делфиндер, киттер жана акулалар бир жерге чогулуп, сардин балыктарына аңчылык кылып жаткан өзгөчө кубулушту тартып жатышкан.

Шимф сардин балыктарына жакындап келе жаткан акуланы тартып жатканда аны кит сугунуп алган.

"Айланам бир заматта капкараңгы болуп, жамбаш жагымды бир нерсе басып калгандай болду. Мени кит тиштеп, жутууга аракет кылып жатканын сездим", — дейт 51 жаштагы дайвер.

​Кит Шимфти оозуна тиштеген бойдон тереңдикке сүзүп кетүүгө аракет кылган, бактыга жараша, бир канча мүнөттөн кийин ал дайверди коё берген. 15 жылдан бери суу алдында видеого тартуу кызматын көрсөтүп келе жаткан Шимф бир топ тажрыйбалуу болгондуктан кит тиштеп алганда өзүн жоготкон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0