Бакты жулам деген айдоочунун жолтандабасын талкалап алган видеосу

Жазылуу
Мичиган штатында (АКШ) "акылдуу" айдоочу жолтандабастын жардамы менен кадимкисиндей өсүп турган бакты кулатам деп автоунаасын талкалап алды.

Алгач, ал даракты байлаган арканды темир тулпардын артына илип, автоунаасын болгон күч менен алдыга жүткүнтө айдаган. Бул учурда бак кулабай эле, жолтандабастын кузову жулунуп кеткен.

Видео YouTube каналына жарыяланган.

Ал эми жарымы жок калган темир тулпарды ээси бир топко чейин токтотпой айдап жүргөндүгүн көрүүгө болот.

Буга чейин интернетке Кыйтадагы көпүрөдө автобустун кырсыктаганы жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0