Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып каттар келе баштады. Видео

Жазылуу
ЖКККББнын маалыматына таянсак, жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга чыккан айып кагаздары үй-үйлөргө таратылып баштады.

"Кыргыз почтасынын" кызматкерлери Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова менен биргеликте айып кагаздарын таратышты. Тагыраагы, алар жол кыймылынын эрежесин бузганда толтурулган протоколдор. Бул туурасында аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Проблема с автомобильным затором в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Стоп линиядан өтүп токтогон жеке жана юридикалык жактарга бирдей айып салынат
Автоунаа ээлерине айып кагаздарын тапшырган учур видеого тартылып, ЖКККББнын Facebook тармагындагы баракчасына жайгаштырылган.

Кадрдан почта кызматкери айып кагазы келген адамды чакырып, аны тапшырып жатканын көрүүгө болот. Үйүнөн чыккан аял автоунаага бир кезде ээлик кылгандыгын, бирок аны башкаларга сатып жиберип, бирок жаңы ээсине каттата электигин айткан.

Баратова аялга бусикти жаңы кожоюнуна каттатып берүү керектигин эскерткен. Андан сырткары, эгер 15 күнгө жеткирбей айыпты төлөй турган болсо, 50 пайыз жеңилдик бар экендигин түшүндүргөн.

Буга чейин жол эрежесин бузганы боюнча биринчи кат 1000дей айдоочуга жиберилери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0