Бишкекте чак түштө жол ортосунан мушташа кеткен айдоочулардын видеосу

Жазылуу
Окуя борбор калаанын Манас проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Айдоочулардын мушташын күбө видеого тартып социалдык тармакка чыгарды.

Кыргызстанец уложил американца одним ударом? Видео уличной драки - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз жигит америкалык кишини бир чаап сулаттыбы? Көчө мушташынын видеосу
Видеодо жол талаша кетти деген эки айдоочу алгач айтыша кетип, андан соң жакалаша кеткенин көрүүгө болот. Mitsubishu үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Mercedes машинасын айдап бараткан кишинин жанына барып бир нерсе деп кыйкырып, экинчи айдоочу машинадан түшө калып аны бир чаап, түртүп жибергенде жерге кулап түшкөн.

Бул учурда бир нече киши кулаган кишини тегеректеп калып, Mercedes машинасынын айдоочусун автоунаадан түш деп жатканы видеого тартылып калган. Бирок ал окуя болгон жерден кетип калууга аракет кылганы менен чогулгандар анын жолун тороп, түшүүгө мажбурлашкан.

Шаардык милициянын маалымат кызматы окуя качан болгонун териштирип, жакалаша кеткендердин ким экенин аныктай турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0