Заара ушатам деп... поезддин алдында кала жаздаган аялдын видеосу

Жазылуу
Полиция окуяны байкап калып, дароо жардамга чуркаган. Ага ошол жерде турган жүргүнчүлөр кошулуп, аялды куткарып калышкан.

Индияда рельстердин ортосуна заара ушатам деп отура калган аялды поезд тебелеп кете жаздады. Бул туурасында The Mirror басылмасы жазды.

Окуя 9-мартта түнкү саат 11лерде Мумбаидеги темир жол станциясында болгон.

Девушка едва не погибла, пытаясь разыграть парня в Китае. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кытайда кыз жигитин тамашалайм деп поезд алдында өлүп кала жаздады
Байкоо камерасына рельстердин арасында отурган аялды жана платформага жакындап келе жаткан поездди көрүүгө болот. Ал чыгып кетиш үчүн колун перронго сунуп баратканда, жакындап келген от араба менен платформанын ортосунда калган. Полиция окуяны байкап калып, дароо жардамга чуркаган. Ага ошол жерде турган жүргүнчүлөр кошулуп, аялды сууруп чыгышкан.

Инспектор Сатиш Менондун айтымына караганда, машинист аялды көрүп калып, токтотуу үчүн кылган аракети майнаптуу болгон.

"Антпегенде ал тирүү калмак эмес", — деп айткан ал.

Окуядан кийин жабырлануучу медициналык жардамдан баш тартып, станциядан чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0