Жашаган сайын жашарып. 23 жылдан бери эч өзгөрбөгөн алып баруучу аялдын видеосу

Жазылуу
Кытайлык теле алып баруучу алгачкы ирет 1996-жылы 22 жашында экранга чыгып аба ырайын айткан. Андан бери 23 жыл өтсө да ал сынынан кеткен эмес.

Кытайда аба ырайын айткан теле алып баруучу социалдык тармак колдонуучуларын таң калтырууда. Эч карыбаган аялдын теледеги ирмемдери интернет айдыңында талкууга түшкөн.

​Биринчи ирет ал тууралуу дүйнө эли 8-мартта Кытайдын борбордук телевидениеси ар жылкы кадрлардын үзүндүсүн чогултуп даярдаган видеосунан көрүшкөн.

Алып баруучу Янг Дан алгачкы ирет 1996-жылы 22 жашында экранга чыгып аба ырайын айткан. Андан бери 23 жыл өтсө да ал сынынан кеткен эмес.

Телестудия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шумдугуң кур! Кытайда виртуалдуу диктор телеге чыкты. Видео
Янг Дан телеге Пекин Телекоммуникация институтунун радиоуктуруу факультетин бүткөндөн кийин келген. Ошондон бери Кытайдын борбордук телевидениесинен (CCTV-1) күн сайын саат 19.31де аба ырайын окуйт. Ушул эле компаниянын радиосунда дагы иштейт.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалымат боюнча Янг Дан 1973-жылы ноябрь айында туулган, учурда 44 жашта.

2012-2013-жылдары "Алтын микрофон" номинациясына ээ болгон. Янг Дандын жаштыгынын сыры эмнеде экенин эч ким билбейт. Колдонуучулар аны "картайбаган сулуу" деп суктанышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0