Разаков: Ак-Сай – Тамдык жолу Кыргызстандыкы, аны куруп бүтөбүз. Видео

Жазылуу
Вице-премьер-министр чек арадагы кырдаал эмнеден улам келип чыкканы боюнча түшүндүрмө берди.

Вице-премьер Жеңиш Разаков Ак-Сай — Тамдык жолу Кыргызстандын аймагында экенин айтып, аны курууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетерин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Учурда Разаков кыргыз-тажик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн окуя болгон жерде жүрөт.

Ал чек ара маселеси Ак-Сай — Тамдык жолунун салынышынан улам башталганын белгиледи.

"Бул маселе бүгүн эле пайда болуп калган эмес, мен билгенден 20-30 жылдан бери эле келе жатат. Чыр да Ак-Сай – Тамдык жолунун салынышынан улам келип чыкты. Ошол жолдон башталды. Андан сырткары, шагыл алуу маселеси дагы көтөрүлгөн. Эми эки тараптуу суроолор бар, ошол маселелерди курчутпай, элди ынтымакка чакырып, маселени чечкенге аракет кылышыбыз керек", — деди ал.

Разаков ошондой эле Көк-Таш — Ак-Сай — Рават жолу салынып жатканда Баткен облусунун башчысы болуп эмгектенгенин кошумчалады.

Полет фантазии по облакам - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы чыр боюнча кыргыз-тажик биргелешкен тергөө тобу түзүлдү
"Бул жолду атайын коомдук абал курчуганда, абал оорлошкондо биздин жарандар жүрүш керек деген максатта курганбыз. Кечээги күндөн тартып ошол жолду дагы калыбына келтирүү иштери башталды. Биздин Лейлектен келген жарандар Баткенге өтүп жатат, Баткенден Лейлекке барам дегендер ошол жакка өтүп жатышат. Ал эми чоң жүк ташуучу унаалардын өтүшү боюнча иштер жүрүүдө. Азыркы мезгилде бизде өтө албай калган, калып кеткен көрүнүштөр жок", — деди ал.

Эскерте кетсек, 13-март күнү кыргыз-тажик чек арасында эки элдин ортосунда чыр чыккан. Эртеси эртең менен вице-премьер Жеңиш Разаков аймакка кеткен. Эл арасында түшүндүрүү иштери Кыргызстандын да, Тажикстандын да тийиштүү органдары тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Кечээтен бери Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раунду өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0