Арабдарды тиши менен көтөрүп эсин оодарган Ташчайнар. Camel Fest видеосу

Жазылуу
Ташчайнар деген каймана аты менен таанымал кара күчтүн ээси Нурлан Алишеров командасы менен Сауд Аравиядагы Camel Fest этнофестивалынын алкагында өнөрүн көрсөтүп элди таң калтырды.

Видео Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын YouTube каналына жайгаштырылган.

Баш-аягы көрүнбөй... Аравиядагы фестивалда парадга чыккан кыргыздардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Баш-аягы көрүнбөй... Аравиядагы фестивалда парадга чыккан кыргыздардын видеосу
Анда Ташчайнар тиши менен алгач штанганы, андан соң четте көрүп турган абардарды отургучка отургузуп көтөргөн. Мындан сырткары, тактайга кагылган мыкты тиши менен сууруп, кайра маңдайы менен каккан. Жерге жаткан учурунда үстүнөн унаа тебелеп өткөн.

Ташчайнар командасы беш адамдан турарын, алардын эң кичүүсү үч жашта экенин айтты. Буга чейин үч тонналык унааны сүйрөп, араб элин анда бир таң калтырганын белгиледи.

Эске салсак, 9-мартта башталган Camel Fest фестивалы 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтүүдө. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн. Кыргызстандык делегация "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүп жатышат. Сауд Аравияда атайын 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылууда. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0