Шаарда чаң-тополоң салган кабыланды 7 саатта араң кармашты. Индиядагы видео

Жазылуу
Калаада элдин айласын кетирген жырткычты жети сааттан кийин колго түшүрүшкөн.

Окуя 15-мартта Индиянын түндүк тарабында болгон. Шаар ичин аралап чуркаган кабыланды полиция менен жаратылышты коргоо ведомствосу кармай албай, жети саат кууган. Күбөлөрдүн тартып алган видеосунда кабылан имараттарды аралап качып жүргөнүн, кийин аны колго түшүрүп, көтөрүп бара жаткан кишилерди көрүүгө болот.

Жырткычты торго салышкан. Аны токойго алып барып кайра коё берүүнү пландап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0