Нооруз майрамына карата "Ак-Кулада" болгон көк бөрүнүн видеосу

Жазылуу
Нооруз майрамына карата уюштурулуп жаткан көк бөрү оюнунун финалында кимдер ойной турганы аныкталып, жогорку лигада "Ынтымак" менен "Достук" командалары чемпион аталышы үчүн күч сынашты.

Ал эми биринчи лиганын лиганын финалдык оюнунда Бишкектин "Келечек" командасы менен Талас облусунун "Алкан-Ата" командасы беттешип, оюн 1:5 эсебинде Таластын командасынын пайдасына аяктады.

Үчүнчү орунга ээ болгондор бүгүн аныкталды. Биринчи лигада үчүнчү орун үчүн "Соң-Көл" менен "Казарман" командалары ойноп, "Соң-Көл" бир упай менен жеңишке жеткен.

Жогорку лиганын үчүнчү орунуна "Көк жал" менен "Бакубат Талас" командалары ойноп, эсеп 1:7 эсебинде "Бакубат Талас" командасынын пайдасына аяктаган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги КТРК Спорт телеканалынын түз эфирин ретрансляциялап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0