Кыргызстанда кырсыктаган тик учактын ичинен тартылган видео дүйнөгө тарап кетти

Жазылуу
Авиакырсык өткөн жылдын 9-июлунда Ысык-Көл облусунда болгон. Тик учактын ичинде болгон окуяны турист видеого тартып алган.

Грузчики швыряют багаж пассажиров в аэропорту Гонконга — соцсети в шоке - Sputnik Кыргызстан
Учак жүргүнчүлөрүнүн баштыктарын ушинтип жүктөштү. Соцтармакты чуу кылган видео
Анын видеосун Daily Mail басылмасы жарыялады. 22 жаштагы берлиндик студент тарткан видеодо тик учактын конууга аракет кылып, бирок учкуч башкарууну жоготуп, капталынан кулагандыгын көрүүгө болот.

Дэвиддин айтымында, алар саат 08.30да учуп кетишкен. Ал күнү аба ырайы жакшы болуп, катуу шамал болгон эмес.

Чет элдик жаран ал каттамды кыргызстандык туристтик компаниялардын бири уюштуруп, Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак КРдин Куралдуу күчтөрүнүн аба күчтөрүнө таандык экендигин айткан.

"Мен чоң баштыктардын астында калып, бутума япониялык гид кулады. Жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшүп, ошондо бутум күйгөндөй сезиле баштады. Көрсө, керосин төгүлүп кетиптир. Бул учурда тирүүлөй күйүп кетүү коркунучу бар эле, мен сыртка тезирээк чыгып кетүүгө болгон аракетимди жасадым", — деген Дэвид.

Ошондой эле ал учактын ичинде коопсуздук куру, жүктөрдү сала турган шаймандар жок болуп, кулаган маалда анын бутуна күйүүчү май төгүлгөндүгүн кошумчалады.

Япония, Польшанын жабыркаган жарандары, кыргызстандык котормочу жана үч аскер кийинчерээк Бишкекке алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0