"Көк бөрү: карышкан колдор, алкынган аргымак. "Ынтымактын" "Достукту" жеңген видеосу

Жазылуу
Оюн "Ак-Кула" ат майданында өттү.

Нооруз майрамына карата Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өткөн көк бөрүдө Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достугун" 6:1 эсеп менен утуп алды.

Бишкектеги Нооруздун шаңы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Нооруздун шаңы. Видео
Буга чейин биринчи лиганын финалдык оюну өтүп, Талас облусунун "Алкан-Ата" командасы Бишкектин "Келечек" командасы менен ойноп, 5 :1 эсебинде жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, 20-мартта биринчи жана жогорку лигада ойногондор арасында үчүнчү орун үчүн мелдеш болгон. Биринчи лигада үчүнчү орун үчүн "Соң-Көл" менен "Казарман" командалары ойноп, "Соң-Көл" 1 упай менен жеңишке жеткен. Жогорку лиганын үчүнчү орунуна "Көк жал" менен "Бакубат Талас" командалары ойноп, эсеп 1-7 эсебинде "Бакубат Талас" командасынын пайдасына аяктаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0