Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео

Жазылуу
Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун финалы 21-мартта "Ак-Кула" ат майданында өттү.

Видеодон оюн учурунда трибунада отурган оюнчулар бири-бирине бөтөлкө ыргытып, акыры жакалаша кеткенин көрүүгө болот. Бирок оюндун күүсү менен бири-бирине тиш кайрап калган күйөрмандарды башка кишилер арачалап ажыратып калган.

Көк бөрү: карышкан колдор, алкынган аргымактар. Достуктун Ынтымакты жеңген видеосу - Sputnik Кыргызстан
"Көк бөрү: карышкан колдор, алкынган аргымак. "Ынтымактын" "Достукту" жеңген видеосу
Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өткөн көк бөрүдө жогорку лигада ойногон Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достугун" 6:1 эсеп менен утуп алды.

Буга чейин биринчи лиганын финалдык оюну өтүп, Талас облусунун "Алкан-Ата" командасы Бишкектин "Келечек" командасы менен ойноп 5 :1 эсебинде жеңишке жеткен. https://sputnik.kg/sport/20190321/1043716180/kok-boru-birinchi-liga-chempion.html

Белгилей кетсек, 20-мартта биринчи жана жогорку лигада ойногондор арасында үчүнчү орун үчүн мелдеш болгон. Биринчи лигада үчүнчү орун үчүн "Соң-Көл" менен "Казарман" командалары ойноп, "Соң-Көл" 1 упай менен жеңишке жеткен. Жогорку лиганын үчүнчү орунуна "Көк жал" менен "Бакубат Талас" командалары ойноп, эсеп 1-7 эсебинде "Бакубат Талас" командасынын пайдасына аяктаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0