Ди Каприо менен Брэд Питт катышкан Тарантинонун жаңы тасмасынын трейлери чыкты

Жазылуу
"Бир жолу Голливудда" (Once Upon a Time in Hollywood) тасмасын 2019-жылы көрүүчүлөр чыдамсыздык менен күтүүдө.

Оскар сыйлыгынын ээси Квентин Тарантино тарткан тасмада 1969-жылдагы Голливуддагы окуялар баяндалат. Сценарий боюнча актер Рик Далтон (Леонардо Ди Каприо) жана анын дублеру Клифф Бут (Брэд Питт) кино тармагына аралашууга аракет кылат.

Ошондой эле ал эмгекте Марго Робби, Дакота Фаннинг жана Аль Пачино тартылган.

"Бир жолу Голливудда" фильми ушул жылдын жай мезгилинде көрүүчүлөргө сунушталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0