Мэр Суракматов көк бөрүдө командасын сүрөп, ыйлап ийген баланы сыйлады. Видео

3782
(жаңыланган 14:24 22.03.2019)
Улакка жан дили менен берилген бала 10 жаштагы Алихан Кенжебек уулу болуп чыкты.

Алихан өзүнүн сүйүктүү командасын көзүнө жаш ала колдоп, сүрөп жаткан видео Кыргызстандын интернет айдыңына тездик менен жайылып жатат.

Мэрия баланы бүгүн, 22-мартта, сыйлады. Алихандын айтымында, видеодо жогорку лигага чыккан Чүйдүн "Суусамыр" командасы менен Ысык-Көлдүн "Кабылан" командасынын беттеши учурунда тартылган. Ал "Кабылан" командасына жан тарткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Новости столицы (@bishkeknews)

Негизги оюнда эсеп 3:3 болуп калгандан кийин кошумча убакыт берилген. Бирок анда да эсеп саны өзгөргөн эмес. Мындан улам калыс эки буллитке чыгарган.

"Команданы сүрөп жатып ыйлап жибергенимди билбей деле калыпмын. Биздин оюнчу салым жасаганда талаанын ортосуна кантип барганымды дагы сезген жокмун", — деп айтып берди жеткинчек.

Алиханга Бишкектин мэри Азиз Суракматов ээр, смартфон жана борбор калаанын тарыхы тууралуу китеп берди.

Буллиттин эрежеси

Эки команда тең чыгып калса, кошумча 10 мүнөттүк убакыт берилет. Эгер анда да эсеп саны өзгөрбөсө, буллит дайындалат.

уллитке ар бир командадан төрттөн оюнчу чыгат. Бир команданын оюнчусу тай казандын жанында, экинчи команданын оюнчусу улак менен 30 метр алдыда турат. Калыстын ышкырыгы менен 2 оюнчу тең каршылаш тай казанга карай чаптырып жөнөшөт.

Улакчан оюнчу жеткирбей же каршылашынын тоскоолдугуна карабай тай казанга улакты салса упай берилет. Кубалаган оюнчу улак менен качкан оюнчуну жөөлөтүп тай казандан оолактатканга же улакты кармап салдырбай коюуга аракет кылат. Улагы менен тай казандан өтүп кетип кайра кайрылса болбойт. Кийин экөө орун алмашып жарышка чыгат. Экөө тең буллитти аткарып бүткөн соң оюн талаасын таштап кетишет.

Буллит учурунда оюнчуларды, аттарды алмаштырууга тыюу салынат. Эгер жеңүүчү аныкталбаса, буллит чечүүчү упай алганга чейин улантылат.

3782
Белгилер:
Азиз Суракматов, Сыйлык, мэр, күйөрман, Көк бөрү, оюн, Бишкек
Тема боюнча
Эх-хх… көк бөрү! Тура калган аткаминерлер, жалтанган милиционер. Кызыктуу 13 сүрөт
Ушунуңар уят эмеспи! Көк бөрү күйөрмандары жана ат майдандагы таштанды. Сүрөт