Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин WhatsApp каналына окурман Нооруз майрамы учурунда борбордогу Панфилов паркындагы аттракциондон кулап түшкөн кыздын камера көзөмөлгө түшүп калган видеосун салды.
Буга чейин Instagram тармагында аттракциондон кырсыктаган кызды ак халатчандар замбилге салып алып кеткен видео тараган.Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдиргендей, кыз нейрожаракат бөлүмүнө жаткырылып, ага "баш мээси чайкалган" деген диагноз коюшкан. Абалы туруктуу.
Кадрларда көрүнүп тургандай, паркка келгендер аттракционго түшүп жатканда, алардын бири тең салмактуулугун жоготуп, бир метрдей бийиктиктен кулап кеткен.
Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 186 мелдешинин кызыктуу учурлары UFC Russia YouTube каналына жүктөлдү.
Турнирдин дагы бир маанилүү кармашында россиялык Магомед Анкалаев украиналык Никита Крыловду калыстардын бирдей чечими менен жеңген.
ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.
Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.
"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.
Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.
Райондук администрация башчылары — акимдерди аттестациялоо ушул жылдын 9-мартынан башталат. Аталган күнү биринчи туру өтүп, анда тестирлөө жүргүзүлсө, 10-11-март күндөрү экинчи турунда маектешүү болот. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган аттестацияны жүргүзүү үчүн 11 мамлекеттик кызматкерден турган комиссия түзүлөт.
"Акимдерди аттестациялоодо алардын эки орун басары да катышат. Орун басарларга өздөрү тейлеген тармак боюнча суроолор берилсе, райондук администрация жетекчилерине жалпы суроолор узатылат. Максаты — учурда иштеп жаткан акимдердин аркалаган кызматына дарамети жетерин аныктоо. Аларды аттестациядан өткөрүү үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси, эки эл өкүлү, өкмөт аппаратынан жана тиешелүү министрликтин орун басары рангынан төмөн эмес адамдардан турган комиссия түзүлөт. Комиссия мүчөлөрү жалпы 11 кишиден турат. Муну менен катар эле район жетекчилери жана орун басарлыгына аймактык кадр резервин түзүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин конкурс жүргүзүлөт. Аймактык кадр резервиндеги адистер бошоп калган региондорго барып иштей беришет", — деди Өмүрзаков.
Ал аттестацияда акимдердин билим деңгээли, тил билүүсү да караларын кошумчалады.