НАТОнун күчтөрү Югославияны 2,5 айда жок кылган. Жүрөк үшүн алган видео

Жазылуу
1999-жылы Косово армиясынын албан сепаратисттери менен Сербиянын армия жана полициясынын куралдуу кармашынан улам НАТО БУУнун коопсуздук кеңешинин позициясын эске албай, Югославияны бомбалаган.

Бомбалоо Косово жана Метохиянын автономдуу аймагындагы албан калкын Сербиянын армия жана полициясынан коргоо шылтоосу менен башталган. Бир сутканын ичинде өлкөнүн жети ири шаарына абадан сокку урулган.

Су-27 учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абадагы айкаш: капыстан келген Су-27 НАТО учагын оолактоого аргасыз кылды
Согуш эки жарым айга созулган. Сербия бийлигинин берген баасы боюнча бул аралыкта алааматтан 2,5 миң киши, анын ичинде 89 бала көз жумган.

Сербиянын клиникалык борборунун нейроонкология бөлүмүнүн башчысы Даница Груйичич РИА Новости басылмасына маек берип жатып, НАТО күчтөрү бул өлкөнү тукум курут кылып, билип турса дагы "айлана-чөйрөгө коркунучтуу" делген аймактарды бомбалоо менен экологиялык алааматка алып келгенин айтты.

"Алар химиялык өнөр жай, мунай, энергетикалык өндүрүштөрдү атайылап бомбалаган. Канчалаган техникалык май, уулуу нерселер абага кетип, жерге сиңип, сууга агып, айрымдары ошол жерде калган. Күйүүчү май төгүлгөн. Беш тонна сымап да Дунай дарыясына кошулганын билебиз", — деди Груйичич.

Югославия урандыга айланып, кийин дүйнө картасынан жоголгон. Ар кайсы маалыматтар боюнча өлкө 30 миллиард доллардан 100 миллиард долларга чейин материалдык чыгымга учураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0