Багыш менен карышкырдын суудагы кармашы. Видео

980
Канаданын Онтарио провинциясынын жергиликтүү тургуну суу кечип турган багыш менен карышкырдын кармашын видеого түшүрүп алган.

Канадалык Дэн Нистедт дрон менен көлдүн айланасын видеого тартып жатканда камерага сууда турган багыш түшүп калган. Бир нече саамдан кийин токойдон карышкыр чыгып багышка кол сала баштаган.

Жырткыч көлөмү жагынан кичине болгонуна карабай, багышты тиштегилеп алын кетирүүгө аракет жасаган. Кармаш узакка созулуп акыры багыш суунун терең жагына качкан. Артынан карышкыр бир топко чейин сүзүп барып, кайра артка кеткен.

980
Белгилер:
кармаш, видео, Канада
Тема боюнча
Беймарал жүргөн апакай багыштар. Сейрек кездешкен жаныбарлардын видеосу
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео