Бишкектеги аскер бөлүктө казак аскерлеринин сүрөтү чапталып турат. Видео

Жазылуу
Казакстандык аскерлердин сүрөтү Кыргызстандын борбор калаасындагы Биринчи Май райондук аскер комиссариатында бир нече күндөн бери илинип турган.

 Штраф Инфо KG мобилдик тиркемеси - Sputnik Кыргызстан
Айыптар боюнча тиркемеден ката табылды. ЖКККББнын маалыматы
Окурман Sputnik Кыргызстан редакциясынын Telegram каналына борбор калаадагы аскер комиссариатынан тарткан видеосун салып жиберген. Анда параддык кийим менен казакстандык эки танкисттин сүрөтү аталган жайда чоң эле аянтты ээлеп, илинип тургандыгын көрүүгө болот. Видеону тарткан киши плакатка жакындап келип, аскерлердин формасындагы "Казакстан" деген жазууну көрсөтүп, аскер комиссариатын уяткарып сүйлөгөн.

Кыргызстандын Генералдык штабынын маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан редакциясына ал жердеги плакат алып салынгандыгын билдиришти.

Алар бул окуяда күнөөлүү болгондор жазалана тургандыгын кошумчалашты.

Учурда коңшу өлкөнүн аскерлеринин сүрөтү кандайча мамлекеттик аскер жайына илинип калганы туурасында кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз, тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0