Эфирден жакалашып кеткендерди алып баруучу студиядан кууп чыкты. Видео

Жазылуу
Соловьев жана аны менен кошо алып барып жаткан Сергей Михеев аларды ажыратып калганга жетишкен.

"Россия 1" телеканалындагы "Кто против?" программасынын алып баруучусу Владимир Соловьев ток-шоуга келип, бири-бирине акаарат келтирип, студияда урушуп кеткендерди эфирден чыгарып салды.

Украинского депутата уложили на лопатки во время телеэфира. Видео драки - Sputnik Кыргызстан
Түз эфир маалында украиналык депутатты эксперт жерге көтөрүп чапты. Видео
Программанын коногу Грэг Вайнердин дарегине айтылган эксперт Араик Степаняниндин пикири жакпай калып, экинчиси катуу сөз айтып жиберген. Степанянин жаман сөз агыткан кишиге жакындап барып, стакандагы сууну бетине чачып жибергенде экөө аз жерден жакалашып кете жаздаган.

Соловьев жана аны менен кошо алып барып жаткан Сергей Михеев аларды ажыратып калганга жетишкен.

Анткен менен Вайнер берки кишини дагы бир топ сөздөр менен тилдеп калганын көрүүгө болот. Бул жагдайдан кийин экинчи алып баруучу анын студиядан чыгып кетишин суранган. Соловьев Степанянинге да чыгып кетүүгө туура келерин айткан.

Соловьев күзөт кызматына экөө эфирден сырткары да мушташып кетпеши үчүн бири-биринен алысыраак кармап узатып койгула деген өтүнүчүн айткан.

"Кишинин жаалы келиши мүмкүн, мамилелер да катуулашы мүмкүн, бирок чектен чыкпаш керек. Адамдар бири-бирин укпай калганда чыр чыгат, ал эми эл бири-бирин укпай калганда согуш тутанат", — деген алардын кылыгына нааразы болгон Соловьев.

Мындай окуя аталган программада бир эмес, бир нече жолу кайталанып келет. Буга чейин да февраль айында ток-шонун башка катышуучуларын мазактаганы үчүн Янина Соколовскаяны Михеев студиядан чыгарып жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0