330 миң долларга алган Lamborghini унаасын ошол күнү талкалап алган киши. Видео

Жазылуу
Лондон шаарында эс алуу күндөрү британиялык дилер спорттук жана эсклюзивдүү HR Owen автокөлүктөрү менен кымбат баалуу автоунаалардын кожоюндары менен жолугушуу уюштурган.

Бул иш-чаранын бир катышуучусу үчүн күн ийгиликсиз болгон. Жолугушуудан соң Lamborghini Huracan Performante автоунаасынын жаңы ээси ошол жерде чогулгандарга кызыктуу оюн көрсөтүүнү максат кылган.

Дүкөндөн чыгып, тар көчө менен кетип бара жатып ылдамдыкты көбөйтүп жиберген да автоунааны башкара албай калып бакты сүзүп, анысы аз келгенсип кыштан курулган дубалды сүзгөн.

"Автоунаадан чыккандан кийин бир топ эле ыйлады болушу керек", — деген окуяга күбө болгондордун бири.

The Daily Mail британиялык киши талкалап алган автоунаасын 330 000 долларга (23 миллиондон ашуун сомго) сатып алганын жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0