Путинди "Ала-Арча" резиденциясынан тосуп алуу салтанаты. КТРКнын видеосу

Жазылуу
"Ала-Арча" резиденциясында КРге мамлекеттик сапар менен келген Россия президенти Владимир Путинди тосуп алуу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү.

Путин конгресс-холлго саат 12.25те келди. Салтанат Россия гимни менен башталып, андан соң аскердик оркестр Кыргызстандын гимнин аткарды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия лидери Владимир Путин жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Путиндин тар чөйрөдөгү жолугушуусу өтүп жатат
Россия лидери Ардак кароол менен "Салам, аскер!" деп кыргызча учурашты.

Андан ары президенттер эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү жана дипломаттар менен саламдашты. Мындан соң өлкө башчылар жолугушуулар өтүүчү жайга бет алышты.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) салтанаттан видеотрансляция жүргүздү.

Учурда тар чөйрөдөгү жолугушуу өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0