Путиндин Кыргызстанга болгон сапары 5 мүнөттүк видеодо

553
Эгер Путиндин Кыргызстанга келиши боюнча маалымат ала элек болсоңуз, бир видеодон бардыгын көрүп алыңыз.

Россия президентинин учагы Кыргызстандын "Манас" аэропортуна 28-март күнү эртең менен конду. Путинди аба майдандан КР президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алып, андан кийин мамлекет башчылар "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына келишти.

Салтанат саат 12:25те башталып, РФ президенти Владимир Путин конгресс-холлго Aurus лимузини менен келди. Расмий салтанатта алгач Россиянын, андан кийин Кыргызстандын гимни жаңырды.

Андан соң катарга тизилген Ардак кароолго карай бет алышты. Путин аскерлер менен "Салам, аскер!" деп кыргызча учурашты.

Сапардын алкагында тараптар тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрдү. Бир нече маанилүү документтерге кол коюлуп, ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйыны өттү.

Мамлекеттик сапардын расмий бөлүгү аяктаган соң президент Сооронбай Жээнбеков РФ лидери Владимир Путинге аргымак мингизип, тайгандын күчүгүн тартуулады.

Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейине баш баккан эки өлкөнүн лидерлери нөшөрлөп жааган жаанга карабай, Өчпөс отко бет алышты. Ал жерде Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары эскерилди.

Аягында президенттер Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясынын жабылуу аземине катышышты.

Мамлекеттик сапардын жыйынтыгында соода, аскер, социалдык секторлордогу кызматташуулар боюнча 17 документке кол коюлду.

553
Белгилер:
видео, мамлекеттик сапар, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары (52)
Тема боюнча
Россиялык ишкерлерди кызыктыра турган үч нерсе аталды
Путин Жээнбеков тартуулаган аргымакка жем берип, тайганды сылады. Видео
Тарыхый ирмемдер... Путиндин сапары сүрөт түрмөктө