Бишкектин чыга беришинде ири жол кырсыгы болду. Жеринен тартылган видео

Жазылуу
Алматы көчөсүндө үч автоунаа кагышып, кишилер жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Чүй облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кырсык саат 22:00дөр чамасында болгон. Машиналар Казакстандын чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү бекетин көздөй бара жаткан.

Бишкек: жол четиндеги түркүк маршрутка менен жеңил унааны басып калган видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: жол четиндеги түркүк маршрутка менен жеңил унааны басып калган видео
Чүй облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашкандай, BMW үлгүсүндөгү автоунаа катуу ылдамдык менен келип алдыда бараткан "Жигули" автоунаасын кагып, ал да алдындагы үчүнчү автоунааны сүзгөн.

Жол кырсыгынан BMW автоунаасынын айдоочусу менен "Жигулинин" ичиндеги жүргүнчү жабыркаган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0