Келемиштер "ниндзя ыкмасын" колдонгондо. Жашоо үчүн күрөш. Түнкү видео

Жазылуу
Кемирүүчүлөр тибине кирген бул жаныбарлар чагылгандай реакциясы менен айырмаланат. Алар капыстан секирсе да эки метр бийиктикке чейин жетип, саатына 10 чакырымга чейинки жолду басып өтө алары айтылып келет.

Асманга ыргыганда ал бир нече ирмемдерге катып калууга жана багытын өзгөртүп жиберүүгө жөндөмдүү.

Одна поедает другую — смертельная схватка змей попала на видео - Sputnik Кыргызстан
Бири-бирин жегиси келип… Эки жыландын айыгышкан кармашы. Видео
Түштүк Америка аймагында жашаган кенгуру сымал бул келемиштердин шамдагайлыгын далилдеген дагы бир видео тарады.

Түндө тартылган окуяда келемиштердин жогоруда сөз болгон реакциясы даана көрүнүп турат. Жыландын уулуу тиштеринен аны көз ирмемден да аз убакыт — 100 миллисекундадагы ойт бергени сактап калган.

Эксперименттин кийинки учурларында окумуштуулар аны тереңирээк карап иликтешкен.

Жылан келемишке аңчылык кылып, 32 ирет кол салганы менен анын жарымында гана тиш салганга жетишкен. Адистер уулуу жаныбардын 17 ирет ийгиликсиз деп табылган соккусунун ичинен 11и негизинен таамай болгону менен баары бир зыян келтире албай калганын көрүшкөн.

"Эгерде бул 11 кол салуу башка жаныбарларга жасалса, уулуу тиштен эбак жаны чыкмак. Келемиштердин болуп көрбөгөндөй шамдагайлыгы жана секирип бара жаткан багытын кескин өзгөртө салышы аларды аман алып калган. Буга болгону 62 миллисекундага жетпеген убакыт кеткен", — дешкен окумуштуулар.

Эксперимент учурунда жылан олжосуна кызыкчылыгын үч ирет жоготуп "кол шилтеп" койгон. Ал эми калган учурда кенгуру тибиндеги келемиштер аягына чейин кармашып, жыландын курчоосунан чыгып кеткен. Албетте, алардын ичинен денеге тараган уу өзүнүн миссиясын "аткарып", кемирүүчү жаныбар өлүп калган учурлар да кездешкен.

Интернет айдыңында буга чейин келемиш адам менен мышыктын эсин чыгарган күлкү келтирген видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0