Доллардан шуру тагынып... Өзбекстандык ырчынын тойдогу видеосу

1171
(жаңыланган 16:30 01.04.2019)
Жакында эле жарыяланган видео көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Үйлөнүү тоюнда ырдаган өзбекстандык ырчы Огабек Собировдун мойнуна доллардан шуру тагышты.

Өзбекстандагы үйлөнүү үлпөт тойлору өзгөчө салты жана салтанаты менен дайыма талкуу жаратып келерин Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Жакында эле жарыяланган видео көпчүлүктүн көңүлүн буруп жатканы айтылат.

Видеодо ырчы Огабек Собировдун мойнуна долларды шурудай тизип илип койгонун көрүүгө болот. Басылма бул видео Хорезм шаарында тартылган болушу ыктымалдыгын жазды.

1171
Белгилер:
үйлөнүү, видео, Өзбекстан
Тема боюнча
Кызганчаак аялдын тойдогу жоругу көпчүлүктү күлкүгө салды. Видео
Ушундай да болобу?! Тойдо эркектин келинди жамбашка тепкен учурдагы видеосу