Бети-башы агала болгончо иштеди. Депутат Алимбековдун дарак актаган видеосу

Жазылуу
Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Эл арасында" долбооруна Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков катышты. Ал Бишкектин Фрунзе менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарактарды актады.

Нурбек Алимбеков Бишкек шаардык кеңешинин бир, Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. Саясий чөйрөгө 2008-жылы келген. Эл өкүлү журналист Эламан Карымшаков менен чогуу эки саат иштеди. Жумуш учурунда ал үй-бүлөсү, бир туугандары менен баштаган бизнеси жана саясатка келишине түрткү болгон адамдар туурасында айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Нурбек Алимбеков Sputnik агенттигинин "Эл арасында" долбооруна катышып, Бишкектеги дарактарды актады.
Бети-башы агала болгончо иштеди. Депутат Алимбековдун дарак актаган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Депутат Нурбек Алимбеков Sputnik агенттигинин "Эл арасында" долбооруна катышып, Бишкектеги дарактарды актады.

Депутаттын өзү туулган Кара-Суунун Папан айылында бакчасы бар. Андыктан дарактарга кам көрүүнү жакшы билерин айтат.

Бүгүн, 16-мартта, Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик болду - Sputnik Кыргызстан
Таштанды чогултуп, көчөт тиккен аткаминерлер. Сүрөттөр
"Жаш кезимде бир туугандарым менен биргеликте айылдагы эки гектар жерди өздөштүрүп бак тиккенбиз. Кийинчерээк анын аянтын 20 гектарга чейин кеңейттик. Ал жерде алма, өрүк, шабдалы, кокон гилас сыяктуу мөмө бере турган бактар бар. Актагандын негизги пайдасы — өсүшкө жардам берет, курт-кумурскадан сактайт. Экинчиден аппак болуп күн нурунан коргойт", — деди Алимбеков.

Депутат ишкерликти алгач бир туугандары менен 1996-жылы баштаганын айтты. Айылдан терек сатып алып, Ошко алып келип тилдирип сатчу экен.

"2001-жылы Бишкекке келип чоң бизнеске аралаштык. Россиядан вагондоп карагай алып келчүбүз. Республикага келген жыгачтардын 20 пайызын камсыздап калган учур болгон. Азыр туугандарым курулуш компанияларын негиздеп көп кабаттуу үйлөрдү, соода борборлорду курушат", — деди депутат.

Алимбеков 13 бир туугандын жетинчиси. Агасы Давлет Алимбеков өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, иниси Нурзаман Алимбеков Ош шаардык кеңешинде депутат. Калган бир туугандары ишкерлик менен алектенерин билдирди.

"Биз жети уул, алты кызбыз. Эң кичүү иним атамды карап айылда, кичүү карындашым 11-класста окуйт. Менин саясатка келишиме агам түрткү болду. "Кара курсагыңды ойлоп жүрө бербей, элге кызмат кылыш керек" деп мага үмүт арткан. Мектепте жакшы окуп, республикалык олимпиадаларга катышып, алтын медаль менен аяктагам. Атам 84 жашта, "КР Эмгек сиңирген мугалими" наамын алган. Апам биология сабагынан мугалим болчу. 45 жашында оорудан улам каза болуп калган. Эң чоң арманыбыз — апам ушул күндөрүбүздү көрбөй кетти", — деп бир саамга ойлонуп калды.

Депутат өзү үч кыз, эки уулдун атасы. Улуу кызы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда, кичүүлөрү мектепте окуйт. Ал эми жубайы мурда түптөгөн ишканаларын жетектейт экен.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат бош убагында топ ойноп, ат минип улакка түшүп турарын билдирди. Ал эми кара жумуш жасабаганына 10 жылдан ашыптыр.
Бети-башы агала болгончо иштеди. Депутат Алимбековдун дарак актаган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Депутат бош убагында топ ойноп, ат минип улакка түшүп турарын билдирди. Ал эми кара жумуш жасабаганына 10 жылдан ашыптыр.

Маек учурунда Алимбеков жасаган иштери, даярдаган мыйзамдары тууралуу да айтып берди.

"Өзүбүздүн районго 5 мектеп салып, курулушу токтоп калган оорукананы бүтүрүүгө жардам бердик. "Бала ыйлабаса эмчек кайдан" дегендей, өкмөткө коңгуроо кагып турушубуз керек да. Анан Папан айылына бараткан 25 чакырым жолго асфальт төшөдүк. Өлкөдөгү 453 айыл өкмөттү 250гө чейин кыскартсак болот. Райондордун санын 25ке түшүрүп, облустарды толугу менен жойсок, өнүгүүгө өбөлгө болот эле. Мындан биз жылына 5 миллиард сом үнөмдөйт экенбиз. Ушул сунушту үч премьер-министрге айткам. Ишке ашыра албай эле өздөрү кетип калып жатпайбы. Эми саясий эрк болсо, 2020-жылдагы шайлоого чейин ишке ашырыш керек. Айылдык кеңештерге депутаттар шайлангандан кийин маселе татаалдашып кетет", — деди Алимбеков.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурбек Алимбеков саясий чөйрөгө 2008-жылы келген. Ага чейин ишкердик менен алектенчү.
Бети-башы агала болгончо иштеди. Депутат Алимбековдун дарак актаган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Алимбеков саясий чөйрөгө 2008-жылы келген. Ага чейин ишкердик менен алектенчү.

Ал ортодо тилинен жаңылып балп этип алган депутаттар боюнча да сөз болду. Нурбек Алимбеков айрымдар сыяктуу соцтармактын "жылдызына" айланган эмес. Ал ар бир сөзүн электен өткөрө турганын айтат.

"Айрыкча саясатта, элдин көзүндө жүргөндө токтоолук керек. Ар бир сөзүңдү электен өткөрүп, даярданып сүйлөбөсөң, тез эле чалынып калышың мүмкүн. Көбүнчө шашкандан, ойлонбой сүйлөп койгондон кармалып калып жатышпайбы. Анан кийин "мен мындай ойдо айтканмын" деп актанып чыгат", — деди эл өкүлү.

© Sputnik / Табылды КадырбековСоңунда Алимбеков башка кесиптештерин да эл арасына чыгууга чакырды.
Бети-башы агала болгончо иштеди. Депутат Алимбековдун дарак актаган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Соңунда Алимбеков башка кесиптештерин да эл арасына чыгууга чакырды.

Депутат бош убагында топ ойноп, ат минип улакка түшүп турарын билдирди. Ал эми кара жумуш жасабаганына 10 жылдан ашыптыр. Бүгүн бала кезге барып келгендей болуп, эки саат кантип өткөнүн билбей калганын белгиледи. Соңунда Алимбеков башка кесиптештерин да эл арасында чыгууга чакырды.

Баса, мурунку жумада Рыскелди Момбеков катышкан материалды көрүп борбор калаанын чок ортосунда ошончо таштанды жатканына таң калганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0