Кыргыз экениңе суктанып! Сауд Аравиядагы фестивалдын ролиги тартылды

Жазылуу
Март айында Сауд Аравияда көчмөндөрдүн этнофестивалы болуп, ага Кыргызстандан эки миңдей киши барган.

Этнофестивалдагы ирмемдер тартылган видео YouTube тармагына жүктөлдү. Кадрлардан иш-чара өткөн жерлерди, кыргыз боз үйүн, көк бөрү, салбуурун оюндарын, төөлөр жарышын көрүүгө болот.

Куратор конно-спортивных игр Всемирной конфедерации этноигр Нурмухаммед Эшматов - Sputnik Кыргызстан
Ат издеп Аравияны түрө кыдырдык. Кыргыздардын фестивалдагы кызыктуу окуялары
Видеонун сүрөттөмөсүндө бул иш-чара 90дон ашуун өлкөнүн каада-салт, маданиятын бириктире алганы жазылган.

Camel Fest 9-мартта башталып 23үнө чейин созулган. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөттү. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн.

Кыргызстандык делегация "Көчмөндөр ааламы" деп аталган оюн-зоогун көрсөтүп кайтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0