Эми укмуш! Океандын ичинен тартылган ажайып видео

325
Окумуштуулар роботту 2 миң метр тереңдикке чейин түшүрүп, океанда эмне болуп жаткандыгын көрүп-билүүгө аракет кылышкан. Андан сырткары, ошол жактан жердин үстүнө биологиялык үлгүлөрдү алып чыгышкан.

Шмидт жана Жоржия университетинин (АКШ) окумуштуулары роботтун жардамы менен Тынч океандын түбүн изилдеген. Бул туурасында National Geographic билдирди.

Океанологдор абдан кызыктуу болгон геологиялык, химиялык жана биологиялык процесстерди видеого тартып алышкан.

Окумуштуулар калыптанып калган ар кыл түстөгү кораллдарды, көп түрдүү майда суу жандыктарды, бийиктиги 23 метрге чейин жеткен суу астындагы дүйнө өзү жасаган уникалдуу түркүктөрдү тапкан. Кадрдан океандын түбүнөн +366 градуста кайнап чыгып жаткан ысык булакты көрүүгө болот.

Экспедициянын жетекчиси Мэнди Жойенин айтымында, ошончолук тереңдикте жаратылыштын капыстан болуп кетүүчү кыйынчылыктарына чыдай алган, бизге али белгисиз жандыктар жашайт. Баса, көңүл өйүткөн дагы бир факты — илимпоздор ошончолук тереңдиктен да балык кармаган торлорду, үйлөп асманга учурган шарларды жана кадимки эле жасалма балатыны тапкан.

325
Белгилер:
Окумуштуулар, Тынч океаны, АКШ
Тема боюнча
Катуу шамал океанда бараткан кеменин 6 000 жүргүнчүсүнүн эсин оодарды. Видео
Тынч океанга акула кое бердим. Таиландга барып келген журналисттин баяны