Ош: бир үй-бүлө түшкөн унаа аласалып, эл жардамга чуркады. Видео, сүрөттөр

2119
(жаңыланган 19:01 06.04.2019)
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көчөдө айдоочусу рулга ээ боло албай калган унаа жол четиндеги арыкка кулап кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө аймактык кабарчы билдирип, сүрөт, видеолорун жөнөттү.

Последствие ДТП на улице Гапара Айтиева в Оше
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көчөдө айдоочусу рулга ээ боло албай калган унаа жол четиндеги арыкка кулап кетти

Анын айтымында, кырсык болжол менен саат 16.40тарда болгон. Унаа чыгыш тараптан батышты көздөй бара жаткан.

"Машинанын ичинде күйөөсү, аялы жана алардын эки баласы бар экен. Төртөөнү тең эл унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына салып беришти. Жабырлануучулар шаардык ооруканага жеткирилди", — деди ал.

Ушу тапта кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатканы кошумчаланды.

2119
Белгилер:
жол кырсыгы, арык, Жол кырсыгы, унаа, Ош
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (116)
Тема боюнча
Таласта КамАЗ милициянын унаасын сүзүп, инспектор каза тапты