Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы жаңжал тууралуу. Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда Кыргызстандын хоккей боюнча федерациясынын жетекчилери менен курама команданын мүчөлөрү жыйын курууда.

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алмак. Курама команда тайпалык оюндарда бардык атаандашын уткан, бирок Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) арызынан улам кураманын бир оюнчусы четтетилген. Кыргызстан БАЭни утканы менен буга чейинки төрт жеңиш жокко чыгарылган.

Тандоо оюндары БАЭде өткөн.

Маалымат жыйындын катышуучулары хоккей боюнча эл аралык федерациянын чечимин кантип даттана турганын жана учурдагы абал боюнча кенен айтып беришет.

Катышуучулар:

  • Владимир Дмитриевич ТОНКИХ — команданын капитаны;
  • Анвар Насыбекович ОМОРКАНОВ — Хоккей федерациясынын президенти;
  • Мурат Токтоназарович ЖАКЫПОВ — федерациянын вице-президенти;
  • Элзар Болотбекович БОЛОТБЕКОВ — федерациянын вице-президенти;
  • Максим ЖАБУЛИН — башкы машыктыруучу.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо туру Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өттү. Ал эми Дүйнө чемпионаты 2020-жылы 1-17-майда Швейцариянын Цюрих жана Лозанна шаарларында өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0