Валентина Шевченконун Бишкектеги маалымат жыйынынын видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен кечээ, 7-апрелде, Бишкекке учуп келген.

ММА мушкери машыктыруучусу менен борбордогу отелдердин биринде маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле бүгүн 16:00дө "Бишкек парк" соода борборунда күйөрмандары менен жолугат. Эртең Ош шаарына да барат.

Шевченкону тосуп алгандагы видеону Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрүңүз.

Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0