Кериле баскан келиндер. Бишкекте өткөн сулуулук конкурсунун видеосу

Жазылуу
Бишкек шаарында эң сулуу делген келиндердин республикалык сынагы өттү.

"Миссис Кыргызстан — 2019" сулуулук конкурсунун финалы 10-апрелде Бишкектеги ресторандардын биринде өтүп, ага Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 27 келин катышты. Конкурстун катышуучулары улуттук жана кечки кийимдерди көрсөтүштү.

35 жаштагы Миргүл Бообекова жеңүүчү болду. Эми ал Кыргызстандын намысын "Аалам сулуусу" сынагында коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0