Шектүүлөр 12 жаштагы баланы эмнеге уурдашкан. Сурактын видеосу

Жазылуу
Видеодо көрүнүп тургандай, эки шектүү баланы уурдагандарын моюнга алышкан.

Кантта 12 жаштагы Данил Браилкинди уурдады деген шек менен кармалгандар милицияга сурак беришти.

Камактагы адам. Архив
 - Sputnik Кыргызстан
Кантта өспүрүмдү уурдады делген кишинин иштеген жери айтылды
Видеодо көрүнүп тургандай, эки шектүү баланы уурдагандарын моюнга алышкан. Алар өспүрүмдүн ата-энесинен акча талап кылуу максатында ушундай кадамга барышканын билдиришти. Укук коргоочулардын “канча каражат сурамаксыңар” деген суроосуна “аны ойлоно элек болчубуз” деп жооп беришти.

Эскертке кетсек, өспүрүмдү бүгүн эртең менен мектепке бара жаткан жеринен Кант шаарынан элдин көзүнчө, көчөдөн Honda Fit автоунаасына күчтөп салып кетишкен. Баланы салып жаткан учур видеого түшүп калган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, өспүрүм 11-апрелде саат 21:30да Бишкектин четиндеги Панорамадагы гараждардын биринен табылган.

Окуя Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0