Бул сепилге кирүү акысыз! КРдеги укмуштуудай тарыхый жайдын асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Баткенден түштүк-батышты көздөй бара жатканда 58-чакырымда Кан сепили орун алган. Тагыраагы, сепилдин урандысы. Качандыр бир кезде ал айтылуу Кокон хандыгынын кубатын даңазалаган жай болгон (1709-1876).

Болжол менен 200 жыл мурда Кудаяр хандын башкаруусу учурунда курулган чепке бир дагы душман кире алган эмес.

Алты кылым жашаган! Баткендеги 600 жылдык бактын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Дагы деле өрүк байлайт! Баткендеги 600 жылдык бактын видеосу
Кокон хандыгы кулагандан кийин тоо-таштын койнунда жайгашкан чеп акырындык менен талкалана баштаган.

Анын узундугу 500 метрге, туурасы 100 метрге жакын.

СССР убагында бул аймакка өрүктүн ондогон көчөтүн отургузушкан. Азыр ал жерге каалаган киши кирип чыга алат.

Баса, коңшу айылдардын тургундарында ушул убакка чейин урандыны Кудаяр хандын арбагы аралап жүрөт деген ишеним бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0