Жөө киши жүрүп келе жаткан фураны токтотууга аракет кылып, алдында калган видео

Жазылуу
Жолдун четине токтотуп койгон фурасы жүрүп кеткенин көргөн айдоочу ары жактан чуркап келип токтотууга аракет кылганы менен эч нерсе жасай албай, анын алдында калган. Жүк ташуучу автоунаа май куюучу бекеттеги бензин куюучу түтүктөрдү талкалап барып токтогон.

CGTN телеканалы окуя 8-арелде Кытайдын түндүк жагындагы Чжанцзякоу округунда болгондугун жазды.

Водитель перепутал педали и въехал в ресторан — видео - Sputnik Кыргызстан
Ресторанда аял аз жерден дөңгөлөктүн алдында кала жаздады! Кооптуу видео
Кадрдан май куйган бекетти көздөй жай жылып келе жаткан транспортту жерде чебелектеген айдоочу кулачын жазып, токтотууга аракет кылып жаткандыгын көрүүгө болот.

Айдоочунун өмүрү жана кырсыктын андан ары эмне болгондугу боюнча маалымат жок.

Видеонун алдындагы постко бир нече тонналык автоунааны бир кишинин каршы туруп токтотуу аракети болбогон нерсе экендигин жазышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0