Тиштей качып, ажалдан арачалаганга жетишти. Каарман, боорукер иттин видеосу

1311
Канаданын Гаспе шаарында иттин кантип экинчисин сактап калганы интернет айдыңына тарап, кишилердин суктануусун жаратты. Тагыраагы, овчарка (аусси) кичинекей чихуа-хуаны образдуу айтканда, дөңгөлөктүн алдынан жула качканга жетишкен. Бул туурасында Daily Mail жазды.

Видеого тартылган окуя YouTube каналына жайгаштырылган.

Чихуа-хуа жүрөйүн деп жаткан автоунаанын артынан чыга калган. Айдоочу жаныбарды көрбөй калгандыгын кадрдан байкоого болот. Бул учурда кайдан-жайдан пайда болгон чоңураак овчарка берки итти дөңгөлөктүн алдынан сууруп алып, тиштей качканга жетишкен.

Ошентип бир короодо жашаган иттердин бири-бирине камкордугу, берилгени дүйнөгө тарап, ажалдан алып калган учур көптөрдүн көңүлүндө көпкө сакталып кала турган болду.

Буга чейин интернетте иттин сыналгыдагы мультфильмди көрүп "ыйлап" жаткан видеосу тараган.

1311
Белгилер:
видео, ит, Канада
Тема боюнча
52 миң адам катталган аккаунту бар күчүктүн видеосу

Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт! АКШда эл Флойд менен коштошкон видео

130
(жаңыланган 21:47 05.06.2020)
Американын Миннеаполис шаарында полиция кызматкерлеринин одоно аракетинен каза болгон афроамерикалык Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты болду.

Миннеаполистеги Түндүк Борбордук университетинин (North Central) имаратына жүздөгөн адам Флойдду эскерүү үчүн чогулду. Табытты жүктөгөн автоунаа көрүстөнгө бара жатканда эл "Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт!" деген сөздү кайталап жатты.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

130
Белгилер:
коштошуу, узатуу, полиция, Жорж Флойд, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШнын алдан тайышы: балдар полициядан коркуп жана жек көрүүнү үйрөнүп жатышат

Швецияны АКШдагы нааразылыктын толкуну каптады

113
(жаңыланган 20:11 05.06.2020)
Афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийинки жаалданган толкун Швецияга чейин жетти. Жүздөгөн кишилер Мальма шаарында демонстрацияга катышты.

Аларды коронавирустан улам коюлган чектөөлөр, тыюу салуулар токтото алган жок. Көптөрдүн колунда кара түстүүлөргө карата адилетсиз мамилени жана расага бөлүүнү айыптаган плакаттар болду.

Жергиликтүү полиция чогулгандарды кууп таратууга аргасыз болгону айтылат.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Улуу Британиядан, Франциядан, Грециядан жана Испаниядан да тилектештик билдирип жатышты.

113
Белгилер:
башаламандык, Жорж Флойд, Швеция, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Нью-Йоркто мародёрчулук күч алды. Жеринде тартылган видео
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек-Автодорожный өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын кезеги

Алишеров: казак тарап өздөрү чек арада көйгөй жаратып жатканын моюндады

0
(жаңыланган 23:48 05.06.2020)
Казакстанга кирүү май айынын соңунан тарта кыйындап, бул мезгилде чек арада 300-400 фура кезекте туруп калууда. Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров Казакстандын Кыргызстан боюнча жасаган билдирүүсү таң калычтуу болуп жаткандыгын айтты

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Казакстандын өкүлү чынында эле казак тарап чек арада көйгөй жаратып жатканына ынанышты. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди. 

Белгилей кетсек, Казакстанга кирүү май айынын соңунан тарта кыйындай баштаган. Өкмөттөн 300-400 фура кезекте турганын айтышкан. Мындан улам Sputnik Кыргызстан жеринен репортаж жасаган.

Кечээ, 4-июнда, вице-премьер Эркин Асрандиев чек арага барып абалды оор деп баалаган. Ал эми бүгүн Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети чек арада жүк ташуучу автоунаалардын узак кезекке туруп калышын Бишкектин кырдаалды курчутуу аракети катары сыпаттаган Алишеровдун айтымында, эки өлкөнүн вице-премьерлеринин тапшырмасы менен 3-июнда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрмө бекетинде КРдин экономика министри, Чек ара кызматынын төрагасы Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуу өткөн.

“Сүйлөшүүлөр үч саатка созулду, автоунаалардын өтүүсү боюнча хронометраж көрсөтүлдү. Кыргыз тараптан ар бир жүк ташуучу унааны текшерүүгө орто эсеп менен 12-15 минут керектелет. Ал айдоочуну паспорттук көзөмөлдөн өткөрүүдөн, андан аркы текшерүү үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүп, 20-23 мүнөт кармалууда. Бул процедурага казак тараптан коюлган талаптар жана барьерлер кошулган эмес. Карап турсак, кыргыз тарапка 61 фура кирди, ошол эле убакта Казакстанга болгону 21 автоунаа өткөрүлдү. Бул үч эсе аз киргизип жатканын түшүндүрөт”,  — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал жолугушуу саат 14.00дө башталып, бирок казак тарап өзү жакты мониторинг жүргүзүүгө 16.00дө гана уруксат бергенин белгиледи. 

Кыргыз-казак чек арасындагы Акжол көзөмөл-өткөрүү пункту. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
“Казакстандын өкүлү эки сатта чынында жүк ташуучулар канчалык жай өтүп жатканын өз көзү менен көрүп, маселе аларда экенин моюндашты. Коңшу өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин “аткезчилик болууда” деген билдирүүсү боюнча айтаарым, кыргыз-кытай чек арасы эки айдан ашык убакыттан бери жабык, ал жактан товар келбейт. Ошентсе да кыргыз-казак чек арасындагы барьерлер дагы деле жоюла элек. Казакстанга бараткан 300-400дөй машина кезекте турат, ал эми биз жакка келе жаткан 60тай автоунаа бар. Коңшу өлкөнүн жасалма түрдө ушундай кырдаал жаратып, автоунааларды өткөрбөй жатканына көзүбүз жетти”, — деп белгиледи Алишеров.

Мындан сырткары ал Казакстандын билдирүүсүнө таң калып жатканын айтат. Ал эми 9-июнда өтө турган ЕЭКтин коллегиясында абалды жөнгө салууга акыркы чечим кабыл алынып,  Казакстанга чек араны тез арада ачууну айтарына ишеним артты.

0
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, жүк ташуучулар, ЕЭК, "Актилек" көзөмөл өткөрүү жайы, чек ара, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
Кыргыз-кытай чек арасы жүк ташуу үчүн ачылды